Бишкектеги соода тармактарында кумшекер 54 сомдон сатылып жатканын Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиктен кабарлашты. Белгилүү болгондой, аталган агенттиктин директору Кеңешбай Тайлаков кумшекер менен өсүмдүк майына болгон бааларга мониторинг өткөрдү.
Мекеменин маалыматында айтылгандай, мониторинг Бишкектеги ири соода түйүндөрүндө (Фрунзе, Глобус, Народный жана башка) болду.
"Белгилүү бир баа туруктуулугуна жетишүү үчүн мамлекеттик агенттиктин директору департаменттин бардык аймактык бөлүмдөрүнө соода түйүндөрүндө жөнгө салынуучу товарлардын баасын түзүүгө өзгөчө көңүл бурууну жана айрым түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды", - дешти мекемеден.
Буга чейин Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги соода тармактарына кумшекердин баасын 54 сомдон жогорулатпоону сунуштаган. Анда базар бааларына жүргүзүлгөн мониторингде кумшекердин орточо чекене баасы 61 сом 90 тыйынды түзгөн. Ошол эле учурда "Кошой" ишканасында кумшекердин дүң баасы 52 сомду түзөрү аныкталган.