Чолпон-Атада көк бөрү боюнча президенттин Кубогу старт алды

Бүгүн, 23-августта Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата көк бөрү боюнча мелдеш старт алды.

Бүгүнкү оюнда Биринчи Лигадагы 8 команданын оюну өтөт. Оюнду саат 09:00дө "Ак-Барс" командасы менен жергиликтүү "Ысык-Көл" командасы баштады.

Баса белгилей кетүүчү жагдай, Көк бөрү федерациясы, Жогорку жана Биринчи лигадан тышкары "Эл аралык" лиганы ачкан. Башка өлкөдөн келген командалар "Эл Аралык" лигада оюн көргөзөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан