Бир сутка ичинде коронавирус илдетин 4 медицина кызматкери жуктуруп алганы аныкталды. Ооруну жуктургундардын төртөө тең Бишкекте катталды. Бул тууралуу республикалык штабдан маалымдашты.
Республика боюнча COVID-19 жана пневмония илдети медицина тармагынын 6 миң 729 кызматкеринен аныкталса, анын ичинен 6 миң 392си айыкты.