Айсулуу Тыныбекова менен Акжол Махмудовго 2-даражадагы "Манас" ордени тапшырылат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өздүк булактар билдиришти.
Ал эми Мээрим Жуманазаровага 3-даражадагы "Манас" ордени берилет.
23-августта президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Токио шаарындагы (Япония) XXXII жайкы олимпиада оюндарынын байге ээлери жана катышуучуларына мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземи өтөт.