Ош шаарында батирден 82 жаштагы жарандын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, куткаруучулар Раимбеков көчөсүндө жайгашкан батирлердин биринин бекилип калган эшигин ачышканда 1939-жылы туулган Ф.З. аттуу аял кишинин жансыз денеси табылган.
Маркумдун жансыз денеси ИИМ кызматкерлерине өткөрүп берилген.