Машыктыруучу Нурбек Изабековго 8 миллион 150 миң сом акчалай сыйлык берилди

Бүгүн, 23-августта Бишкектеги "Ала-Арча" резиденциясында "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарына катышкан спортчуларды сыйлоо аземи өтүүдө.

Анда машыктыруучу Нурбек Изабековго 8 миллион 150 миң сом акчалай сыйлык берилди. Машыктыруучу келе жаткан Олимпиадада бир нече алтын медаль алганга аракеттерин жасай турганын айтты.

"Кыргыз спортун ар тараптуу колдоп, спортчуларыбызга дем берип жатканыңыздарга ыраазычылык билдиребиз. Сыйлоо аземинде спортчуларыбызды, машыктыруучуларыбызды, дарыгерлерибиздин эмгегин жогору баалап, татыктуу сыйлыктарды тапшырып жатканыңыздар үчун терең ыраазычылыктарыбызды айтабыз. Биз машыктыруучулар, спортчулар мамлекетибиздин өнүгүшүнө, эл аралык аренада өлкөнүн деңгээлин көтөрүүгө аракетибизди жасайбыз. Келе жаткан Олимпиадада бир нече алтын медаль жеңип алганга аракетибизди жасайбыз", - дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Mister-XXX
2021-08-23 11:32:35
Тренерге да бир машина берип койсо дурус болмок.Бир буту үйдө,бир буту залда болуп бул кишинин эмгеги да чоң.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан