Акжол Махмудов: "Кудай буюрса, келерки Олимпиадага мындан дагы жакшы шарттар түзүлсүн"

Бүгүн, 23-августта Бишкектеги "Ала-Арча" резиденциясында "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарына катышкан спортчуларды сыйлоо аземи өтүүдө.

Анда өлкө башчы Садыр Жапаров Олимпиадада күмүш байгеге ээ болгон балбандар Акжол Махмудов менен Айсулуу Тыныбековага 10 миллион сом жана Тойота Рав 4 үлгүсүндөгү унаа тапшырды.

Күмүш медалдын ээси Акжол Махмудов сыйлоо аземинде сөз сүйлөп, кийинки Олимпиада оюндарына жакшы шарттар түзүлсүн деген оюн билдирди.

"Алгач өзүмдүн атымдан президент Садыр Жапаровго ыраазычылык билдирип кетем. Ошондой эле ата-энеме, дарыгерлерге, баарыңыздарга ыраазычылык билдирип, терең таазим этем. Бул жеңиш баарыбыздыкы. Биздин мекенибиз өнүгүп-өссүн.

Кудай буюрса, келерки Олимпиадага мындан дагы жакшы шарттар түзүлсүн. Кийинки Олимпиадада тарыхтагы биринчи алтын медаль келет деп ойлойм. Мекенибиз өнүгүп, өсө берсин", - деди Махмудов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан