Бүгүн, 23-августта Бишкектеги "Ала-Арча" резиденциясында "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарына катышкан спортчуларды сыйлоо аземи өтүүдө.
"Токио-2020" XXXII жайкы Олимпиада оюндарында спорттун эркин күрөш түрү боюнча коло медалдын ээси Мээрим Жуманазаровага 3-даражадагы "Манас" ордени, 7 миллион сом жана президенттин атынан Toyota RAV4 унаасы тапшырылды.
"Кыргыз өлкөсүн дүйнөлүк аренада спорт жаатында алдыга жылышына кичине да болсо өз салымымды кошуп жатканыма абдан кубанычтамын. Урматтуу, Садыр Нургожоевич, спортту колдоп жатканыңызга терең ыраазычылык билдирем. Кыргыз элиме, күйөрмандарыма рахмат айткым келет. Кыргыз элимдин ынтымагы, намыскөйлүгү, улуулугу талыкпай эмгектенүүгө бизди шыктандырат. Жалпыңыздарды келе жаткан Кыргыз өлкөсүнүн мамлекеттүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктайм", - деп билдирди Жуманазарова.
Мээрим Жуманазарова монголиялык атаандашы Батцэцэг Соронзонболдынды 10:1 эсеби менен жеңип, коло медалды камсыздаган.