Бишкектеги Киев көчөсүндө жайгашкан эски үйдүн фасады оңдолду. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
"Бул имарат шаардын архитектуралык көркүн түзөт. Имараттын маңдай жагы абдан начар абалда болгондуктан капиталдык оңдоого муктаж эле.
Көп жылдар бою көп кабаттуу турак үйдүн маңдай жагын оңдоону эч ким колуна алган эмес.
Белгилей кетсек, шаарыбыздын сырткы көрүнүшүнө кайдыгер карабаган демөөрчүлөрдүн эсебинен оңдоо иштери жүргүзүлдү.
Киев көчөсү, №135 үйүнүн жашоочуларынын жана жарандарынын кайрылуусунун негизинде, Биринчи Май муниципалдык администрациясынын башчысы тарабынан демөөрчүлөрдү тартуу чечими кабыл алынган", - деп жазылат маалыматта.
Буга чейин аталган үйдүн көрүнүшү талкуу жаратып келген.