Бүгүн, 23-августта Бишкектеги "Ала-Арча" резиденциясында "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарына катышкан спортчуларды сыйлоо аземи болуп өттү.
Анда өлкө башчы Садыр Жапаров Олимпиадада медаль уткан Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов жана Мээрим Жуманазаровага Тойота Рав 4 үлгүсүндөгү унаанын ачкычын тапшырылды. Өлкө башчы Садыр Жапаров балбандарды унаага өзү отургузду.
Мындан тышкары Айсулуу Тыныбекова менен Акжол Махмудовго 10 миллион, Мээрим Жуманазаровага 7 миллион сом тапшырылды.