Британ ханышасы Елизавета II ханзаада Гаррини сотко берет

Англиянын ханышасы Елизавета II Букингем сарайынын жашоосу тууралуу чындыкты ачыктай берсе, ханзаада Гарри менен анын жубайы Меган Марклды сотко бермекчи. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, бир ай мурда ханзаада Гарри үй-бүлөсүнө тиешелүү мемуарларды ачыктаганы жатат деген кабар ханышанын тынчын алган.

Ал өзүнүн эскерүүлөрүнүн жарык көрүшүнө кыжыры кайнап, небересинин коомдук чабуулдарынан коргонууга даяр. Елизавета буга чейин жактоочуларына небересинин адвокаттары менен жана келерки жылы китеп чыгаруучу басмакана менен байланышууну тапшырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Aidan_Ek
2021-08-23 13:23:29
Небереси подкаблучник окшойт
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан