Балыкчыда 85 жаштагы аялды өлтүрө сүзүп качып кеткенге шектүү айдоочу кармалды

Балыкчы шаарында белгисиз айдоочу аялды сүзүп качып кеткен. Жабырлануучу окуя болгон жерден каза тапкан. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 21-август күнү таңкы саат 4:36 чамасында Балыкчы ШИИБинин нөөмөт бөлүмүнө, шаардын көчөлөрүнүн кесилишинин биринде жашы болжол менен 70-80 чамаларындагы аял кишинин жансыз денеси жол жээкте жатат деген маалымат келип түшкөн.

"Окуя болгон жерге тергөө тобу барып, кароо жүргүзүү учурунда болжолдуу Тойота үлгүсүндөгү унаасына таандык тетиктердин сыныктары табылган. Ошондой эле каза болгон адамдын аты-жөнү аныкталып, ал Балыкчы шаарынын 85 жаштагы тургуну болуп чыккан.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 297-беренеси "жол кыймылынын жана автотранспорт каражаттарын эксплутациялоонун эрежелерин бузуу" менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында жол кырсыгын жасап, окуя болгон жерден изин жашырып кеткен айдоочуну аныктоо боюнча багыттамалар жана тергөө тапшырмалары берилген. Көрүлгөн тергөө иштеринин натыйжасында Балыкчы ШИИБи боюнча жол коопсуздугунун кызматкерлери тарабынан жөө адамды сүзүп качып кеткенге шектүү айдоочу аныкталып, милиция бөлүмүнө ошол күнү эле алып келинген. Ал ушул эле шаардын 21 жаштагы К.А. аттуу тургуну болуп чыкты", - деп билдиришти облустук милициядан.

Шектүү алгачкы суракта күнөөсүн толугу менен моюнуна алган. Учурда жол кырсыгына тиешеси бар Тойота-Витц үлгүсүндөгү автоунаа токтоочу жайына токтотулуп, тергөө амалдары уланып жатканы кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан