Голливуд актёру Эдди Редмэйндин үйү токой өртүнөн улам күйүп кетти

"Фантастикалык жаныбарлар" тасмасында башкы ролду ойногон “Оскар” сыйлыгынын ээси Эдди Редмэйндин үйү Франциядагы токой өртүнөн улам күйүп кетти. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматта айтылгандай, өрттөн Редмэйндин ата-энеси дээрлик 35 жыл ээлик кылган үйдүн үстүңкү кабаты күйүп кеткен. Актёр бүт балалыгын ушул үйдө өткөргөн жана мезгил-мезгили менен келип турган.

Лондондун түштүк-батышындагы Челсиде жашаган Редмейндин ата-энеси келтирилген зыянды баалаш үчүн жакынкы аралыкта Францияга учуп кетишет.

"Үйдүн үстүңкү кабаты жана чатыры толугу менен күйүп кетти. Өрттүн аптабы аябай катуу болгон. Үйдүн короосундагы дөбө азыр биринчи дүйнөлүк согуштун көрүнүшүнө окшоп калды", - дейт инвестициялык банк кызматкери Ричард Редмэйн.

Ошондой эле бассейн, теннис жана боулинги баары бул үйдүн баасы эки миллион фунт (232 миллион 854 миң 923 сом) турарын кошумчалаган.

Эдди Редмэйн - англиялык актёр, "Оскар", "Алтын Глобус", "Тони", "Бафта" жана "Лоренс Оливье" сыйлыктарынын ээси. Ал "Стивен Хокинг ааламы" тасмасындагы теориялык физик Стивен Хокингдин ролу менен атактуу болгон.

Белгиленгендей, өрт Франциянын Ривьерасындагы Сент-Тропез шаарынан 50 чакырымдай батышта жайгашкан Гонфарон айылынын жанында болгон. Өрт 40 градус цельсийге жеткенде катуу шамал, кургак жана ысык шарттардан улам келип чыккан деп божомолдонууда.

Эске салсак, акыркы убактарда Жер Ортолук деңизинин көпчүлүк бөлүгүндө катуу ысыктан Испаниядан Түркияга чейин жана Грециянын өзүндө эле 500дөн ашуун токой өрттөрү чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Islam98
2021-08-23 20:14:58
Мистер Саламандр
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан