Башка бирөөнүн паспорту менен Түркияга кетүүгө аракет кылган келин аэропорттон кармалды

"Манас" эл аралык аэропортунда мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган Кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКнын чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек-Стамбул каттамы менен уча турган жаран паспорттук көзөмөлгө келгенде 1990-жылы туулган Б.А. аттуу жарандын документин көрсөткөн.Текшерүү учурунда аталган жаранга бул документ таандык эместиги аныкталган.

Сурак учурунда 34 жаштагы М.Г. аттуу келин Түркияга башка бирөөнүн жалпы жарандык паспорту менен кетип жатканын моюнга алган. Тийиштүү протоколдор толтурулгандан кийин кармалган жаран укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилгени кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан