Футболчу Мирлан Мурзаев карьерасын Индияда улантат

Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын жана бишкектик "Дордой" футболдук клубунун чабуулчусу Мирлан Мурзаев мындан аркы карьерасын Индиянын "Ченнаи" футболдук клубунда улантат. Бул тууралуу "Дордой" футболдук клубунун басма сөз кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, 31 жаштагы футболчу Индия чемпиондугунда ойноо каалоосун билдирип, клубдан кетүүнү туура көргөн.

Кыргыз Премьер-Лигасынын быйылкы сезонунда Мирлан Мурзаев жалпы жыйырма эки беттешке катышып, сегиз гол киргизип, сегиз жолу голдук пас чыгарып берген.

"Ченнаи" футболдук клубу Индиянын Жогорку Лигасында оюн алып барат. Клуб расмий түрдө 2014-жылы гана негизделген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан