Айсулуу Тыныбекова сөйкө салып... Айзада Жамгырчиева 26 жашын курбуларынын, санаалаштарынын курчоосунда белгиледи

Алып баруучу, ырчы Айзада Жамгырчиева 23-августта туулган күнүн белгиледи. 26 жашка чыккан бийкеч бул күндү жакындарынын жана курбуларынын курчоосунда өткөргөнүн айтат.

"Адаттагыдай эле жумушка бардым. Кечинде курбуларым менен чогуу болдум. Бардык куттуктоолорго ыраазымын", - деди ал.

Айзада Жамгырчиеванын туулган күнүн куттуктап келгендердин арасында балбан Айсулуу Тыныбекова, ырчы Анжелика, алып баруучу Эркин Рыскулбеков, "Кыргызстан сулуусу-2020" наамынын ээси Лаззат Нуркожоева бар. Кечеде Айсулуу Тыныбекова курбусуна алтын сөйкө тартуулады.

Айзада Жамгырчиева 1995-жылы Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Кызыл-Октябрь айылында төрөлгөн. Айылдагы орто мектепти аяктагандан кийин Кыргыз улуттук университетинде журналистика адистиги боюнча билим алган.

Ал КТРКнын "Хит-парад”, "Үй-бүлөлүк лото" берүүсүн, НТС телеканалында "Не жаңылык?" юмордук долбоорун алып барып, "Тамашоудо" "Нур”, "Айым style" командаларында ойноп эл оозуна алынган. Белгилүү болгонго, тагыраагы, Айзада Жамгырчиева деген ысымды жасоого 7 жыл эмгектенген.

Ырчы катары репертуарында "Сүйүп барам", "Жүрөк сыры" аттуу ырлары бар. Учурда тойдон тартып, мамлекеттик иш-чараларга чейин алып барат. Үй-бүлөлүк абалы бойдок.

23-августка карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
ayzhan12
2021-08-24 12:10:19
Туулган кунун кут болсун Айзада. Ар дайым жаркырап, ушундай сулуу, эл көзүнө жагымдуу болуп жүрө бер. Кийип турган кийимдерин өзүңө мыкты жарашып, чач жасалгаларың мыкты жасалыптыр. Бар бол.
-4
Argen9899
2021-08-24 17:11:36
ayzhan12,любой жерде чачты тыгасын го
+4
nazira...
2021-08-24 19:17:23
Argen9899,чамасы оорукчан ушу кыз, тажабайт да. Чач эле.болсо болду буга. Өзүнүн чачы жок парик менен жүрөт окшойт.
+3
Asmat84
2021-08-24 16:16:03
Өтө эле ашыкча шакылдайт да бул кыз
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан