Владимир Путин менен жолугушуу учурунда Ангела Меркелдин телефону шыңгырады (видео)

Орусиянын президенти Владимир Путин менен Германиянын канцлери Ангела Меркелдин Москвада өткөн жолугушуусу учурунда Меркелдин чөнтөгүндөгү телефону шыңгырады. Мындай видео социалдык тармактарга тарады.

Видеодо көрүнгөндөй, Владимир Путин экономикалык өнүгүү тууралуу айтып жатканда, Ангела Меркелдин телефону шыңгыраган. Бул учурда Меркель чөнтөгүнөн телефонун алып чыгып, үнүн өчүргөн.

Путин бул кырдаалды дароо байкап: из дайыма телефон аркылуу байланышып турабыз", - деп сөзүн улап кеткен.

Владимир Путин менен Ангела Меркелдин жолугушуусу 3 саатка жакын созулган. Чет элдик басылмалар эки лидер Ооганстандагы кырдаал, Алексей Навальный, Донбасс жана башка темаларда пикир алмашкан.

Путин менен жолугушуу учурунда Меркелдин телефону шыңгырады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Belek1710
2021-08-24 09:13:54
адам да бмзге окшогон
+2
bond02
2021-08-24 09:40:10
Коп болду буга, мен чалдым эле ошондо.
+5
Omyke
2021-08-24 10:26:05
Эн жонокой Меркель эже
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан