Кытай бийлиги Жер шарын климаттын өзгөрүшүнөн сактап калуу үчүн жыл сайын 36 миң чарчы токой өстүрүүнү пландап жатат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматтарга караганда, Кытай өкмөтү беш жылдык планын сунуштаган. Ага ылайык, 2025-жылдын аягына чейин аймактын 24,1 пайызы токой менен жабдылышы керек.
Акыркы он жылдагы экономиканын тез өсүшү өлкөнүн экосистемасын бузган. Кытайдын энергиясынын көбү көмүрдөн алынат, бул атмосферага олуттуу зыян келтирет. Ал эми токойлордун кеңейиши өлкөдөгү кургакчылыктын алдын алат. Кандай бак көчөттөрү отургузулары азырынча белгисиз, бирок жергиликтүү бийлик улуттук парктарды түзүүгө, жапайы жаныбарларды коргоо жана анын экосистемасын сактоого убада беришти деп жазылат маалыматта.
Айтмакчы, "Comparethemarket.com" британиялык изилдөө тобунун аналитиктери көмүр кычкыл газынын эмиссиясын жөнгө салуу үчүн Пекинде жылына 15 миллион түп көчөт отургузуу керектигин аныкташкан.
Ал эми айрым экологдор климат үчүн токой өстүрүүнү маанисиз деп эсептейт.