Ооганстандын мурдагы байланыш жана маалыматтык технологиялар министри Сайед Ахмад Шат Саадат Германиянын Лейпциг шаарында курьер болуп иштеп баштаган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, мурдагы ооган министри «Lieferando» жеткирүү кызматында пиццаны велосипед менен жеткирип, иштей баштаган.
Белгилей кетсек, Сайед Ахмад Шат Саадат 2018-жылдан бери Ооганстандын министрлер кабинетинин мүчөсү жана айыл калкы үчүн мобилдик түйүндү кеңейтүүнүн жооптуу өкүлү болуп иштеген. 2020-жылы Саадат өкмөттүн талибдер менен күрөшүү стратегиясында ал жетектеген мекемеге каржы бөлүнбөгөнүн билдирип, андан соң Ганинин өкмөтү аны кызматтан кетүүгө мажбурлаган. Натыйжада экс-министр Германияга көчүп кеткен.
Эске салсак, 15-августта талиб согушкерлери Кабулга кирип, Ооганстанда согуштун аяктаганын жарыялашкан. Ошол эле күнү президент Ашраф Гани кызматын таштап, өлкөдөн чыгып кеткен.