Алмаз Мамбетов Оштогу маалымат жыйында "төшүн кармап баратат деген чуулуу сүрөт" боюнча айтып берди

Бүгүн, 23-августта Оштун мэринин милдетин аткаруучу Алмаз Мамбетов журналисттерге маалымат жыйын өткөрдү.

Анда Мамбетов бүгүн иштегенине 20 күн болгонун айтып өттү.

"Мен эрте күндү кеч кылбай журналисттер менен таанышып, суроолорго, анын ичинде өтө курч дагы суроолорго жооп берейин деп бүгүн маалымат жыйын өткөрүп жатабыз. Силер менен мындан ары дагы иштешебиз, андыктан таанышып дагы алалы. Алдыда шайлоону жакшы өткөрүп алсак, баары жакшы болот деп ойлойм", - деди Мамбетов.

Анда Мамбетовго журналисттер социалдык тармактагы ага коюлган "маммолог" ат боюнча суроо узатышты.

"Мен ал кезде Мамлекеттик каттоо кызматында иштеп жүргөм. Мамлекеттик каттоо кызматында акча көп экени, коррупция бар экени айтылып келген. Себеби бул кызмат жер участоктору, паспорт маселелери менен иштейт. Мен кызматка барганда коррупция менен күрөшүп баштагам, ошол замат мага каршы иштеген кампания дагы кызматын баштаган.

Ошол окуядагы видео эч кандай монтаж эмес жана мен дагы эмесмин. Мен ошол убакта башка жакта жүргөм, аны массалык маалымат каражаттарына далилдеп да көрсөткөнбүз. Ал адам ким экенин билем, ал азыр СИЗОдо коррупция фактысы менен отурат", - деди Мамбетов.

2019-жылы интернетте 578 АСD мамлекеттик номер менен жүргөн бир канча унаанын сүрөттөрү жарыяланып, унаалардын айдоочусу Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Алмаз Мамбетов болушу мүмкүн экендиги талкууга алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Asmat84
2021-08-23 23:19:34
Өлүп кетсе да мойнуна албайт булар
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан