SUPER.KG порталынын кезектеги коногу "Экөөбүз", "Кызыма", "Кайнене", "Эгиз жүрөк" жана башка чыгармалардын аткаруучусу, ырчы Баян Сыдыкова.
Ал казак ырчысы Гульмира Избасханова менен биргеликте "Кыргыз-Казак бир тууган" чыгармасын аткарып, эки элдин достугун даңазалаган клип тартышкан. Учурда казак ырчысы Гульмира Избасханова менен биргеликте концерт коюуну пландап жатышканын, дагы жаңы дуэттер жазылып, чыгармачылыкка кызуу киришкенин айтат.
Жаңылыктары менен бирге ички сезимдерин да маек учурунда көзүнө жаш алып айтып берген каарманым "балалуу боло албай жүргөнүмдү билбей эле "качан төрөйсүң?" деп сурашат" дейт ал. Маекти толугу менен видеодон көрүңүз.