"Бул төртүнчү баш байгем". Таласта өткөн айтышта Амантай Кутманалиев баш байгеге ээ болду

Бүгүн, 23-августта Таластагы Капар Медетбеков атындагы драма театрда Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына, ССРдин Эл артисти, төкмө акын Эстебес Турсуналиевдин 90 жылдыгына арналган айтыш болуп өттү.

Ага жалпысынан 16 акын катышып, баш байгени Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, төкмө акын Амантай Кутманалиев жеңип алды. Ал эми 1-орунду Азамат Болгонбаев, 2-орунду Асылбек Маратов, 3-орунду Жылдызбек Төрөканов жеңип алды.

Баш байгесин куттуктап, төкмө акын Амантай Кутманалиевге байланышканыбызда төмөнкүлөрдү билдирди.

"Куттуктооңорго чоң рахмат, абдан кубанып жатам. Баш байге 200 миң сом, ушуну менен 4-ирет баш байгени алып отурам. Буга чейин да Таластан бир баш байге алып кеттим эле. Буюрса, эл аралык айтыштын дагы тандоо турунан өтүп, айтышка жолдомо алгам", - дейт Кутманалиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан