Орусиянын Новосибирск шаарында 20 жаштагы кыз апасын балта менен башка чаап өлтүрүп, андан соң мончо менен кошо өрттөп жиберген. Бул тууралуу орусиялык басылмаларда жазылды.
Маалыматка ылайык, кызы менен апасынын ортосунда пикир келишпестиктен улам чыр чыгып, кызы апасын балта менен башына кеминде 50 жолу урган. Алган жаракатынан улам апасы ошол жерден жан берген. Кылмышын жашыруу үчүн кызы апасынын жансыз денесин мончого алып кирип, мончого өрт койгон.
Полиция кызматы шектүү катары кызын кармап, суракка алганда ал кылмышын моюнуна алган. Учурда тиешелүү органдар тергөө иштерин жүргүзүп жаткандыгы айтылат маалыматта.