Казак акыны Мухтар Шаханов кыргыз окурмандары менен жолугушту

23-августта казак акыны Мухтар Шаханов Бишкек шаарындагы Абдылас Малдыбаев атындагы улуттук опера жана балет театрында кыргыз окурмандары менен жолугушту.

Иш-чарага маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев жана башка коомдук ишмерлер, акын-жазуучулар катышты. Жолугушууну композитор, коомдук ишмер Түгөлбөй Казаков алып барды. Иш-чаранын жүрүшүндө кыргыз окурмандары казак акынына суроо узатып, жооп алышты. Андан сырткары көркөм ырлар окулуп, күйөрмандар Мухтар Шахановго түрдүү китептерди белек кылышты.

"Кадырлуу кыргыз боордошторум, мен кыргыздардын ичинен эң алгач Жолон Мамытов менен таанышып, аны менен көзү өтүп кеткенче дос болдум. Кийин кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматов менен жакшы мамиледе болдум. Эгемендикти алгандан кийин кыргыз менен казактын ортосунда алтын көпүрө болуп элчи катары эмгектендим. Ошол учурда кыргыз-казак элинин достугун, ынтымагын бекемдөө үчүн жакшы иштерди жасаганбыз", - деди Мухтар Шаханов өз сөзүндө.

Эскерте кетсек, Казакстандын акыны, жазуучусу, коомдук ишмер Мухтар Шаханов 1942-жылы Казакстандын түштүгүндөгү Ленгерский районунда туулган. 1993-2003-жылдар аралыгында Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы атайын жана толук ыйгарымдуу элчиси болгон. Анын Казакстанда 15тен ашык жарык көргөн китептери дүйнөнүн бир нече тилдерине которулган. Акын жооптуу мамлекеттик кызматтарда иштеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан