Биз социалдык тармакта

"Көз жарганга келгендерден фондго деп акча алышчу". Ош облустук төрөт үйүндө бир катар кемчиликтер аныкталды

Ош облустук төрөт үйүнө капыстан текшерүү жүргүзүлүп, бир катар кемчиликтер аныкталды. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн маалымдашты.
Анда президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Данияр Жаныкулов санитардык көзөмөл мекемесинин дарыгерлери менен биргеликте Ош облустук төрөт үйүнүн абалын текшерди.
"Ош облустук төрөт үйүнө мамлекеттен бөлүнгөн акча максаттуу жумшалып жатканын аныктоо үчүн жерине барып текшерип, бир топ кемчиликтерди билдик. Аталган мекемеде тамак-аш коопсуздугу сакталбай, чарбалык жумуштардын дээрлик 80 пайызы аткарылган эмес. Ошондой эле дары-дармек, азыктарды сактоочу жайлары да санитардык талаптарга жооп бербейт", - деди Данияр Жаныкулов.
Мындан сырткары ал бейтаптардын туугандары менен жолугушуп, көйгөйлөрүн укту.
"Төрөгөнгө келген энелердин туугандары менен жолукканда облустук төрөт үйүнө көптөгөн сындарды айтышты. Мисалы, көз жарганга келгендердин ар биринен 150 сом фондго деп акча алышат экен. Андай болбойт! Мамлекеттен төрөт үйүнө жыл сайын каражат бөлүнөт. Көз жарганга келген аялдардан эч кандай каражат алынбашы керек, аларга акысыз кызмат көрсөтүлүшү кажет. Мындан ары ооруканалардагы мыйзамсыз акча чогултмайларды токтотууга күчүбүздү жумшайбыз.
Текшерүүнүн жыйынтыгы менен тиешелүү кызматкерлерге баа берилип, чара көрүлөт", - деп кошумчалады өкүлдүн орун басары.
Буга чейин президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов облустагы саламаттыкты сактоо мекемелеринин жетекчилерин кабыл алып, бейтаптарга берилүүчү тамак-аш, дары-дармектерде коррупциялык элементтер бар экенин айтып, ооруканалар текшерүүгө алынарын айткан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (21)
Ulia...
2021-08-24 08:45:13
Бизде 200 сом алат дагы берсен да болот бербесенда болот деп койот уялганындан берип чыгып кетесин
+7
Ulia...
2021-08-24 08:46:04
Лейлек ройону Интернациональ айылы
+5
Birimdik5555
2021-08-24 09:28:43
Кара-Сууда да орогонго,кагаз жазып бергенге деп анан чыгып кетип атканда беш алтоо чыгып алып мен анттим,минттим деп да алышат эле. Эмнеге антесинер десе эсен-аман тороп алганына суйунбойсунбу деп орондошот эле оо башта, азыр кандай билюейм
+10
freedom11
2021-08-24 10:28:46
Birimdik5555, азыр деле ошондой Бир бала торош учун 5-6 мин сомун болушу керек карасууда
+9
KG-312
2021-08-24 22:29:52
Фондко деп акча сураса, силерда "Анда талон, же чек жазып бер" - дешиңер керекта.
-2
KG-312
2021-08-24 22:33:46
Maxburat Частный роддомдорго барып төрөгүлө!
-3
nazira...
2021-08-24 22:44:00
KG-312,ал жер кымбат да, биздин чөнтөгүбүзгө туура келбейт, төрөп чыгып дагы жашашыбыз кнрек да, карызга баткыбыз келбейт.
+4
CHingiz90
2021-08-25 00:50:20
KG-312,акылдуу болбочу
+4
Mirnar
2021-08-24 10:52:08
Ушул роддомдон 2 уулумду торогом. Кирип эле 350с регистрация, фонд,гигиенический принадлежностьторуна бергем.Тороп бутуп суюнчусуно педиатр, акушерка, гинекологуна 500 дон (1500) санитаркасына 200с бергем.чыга турган кучу опеаторуна 50с дагы педиатр, гинекологуна 500 Дон (1000) орогонуна 300 берип чыккам.бул акчаларды бербесен доолашат карыз бергендей болушуп, азырак берсен кадимки базардакыдай урушушат.
+13
Mirnar
2021-08-24 11:00:11
Абалы:начар,санитаркалар жетишпейт. Таракандар чуркап журот.туалети кирип болбойт,душ вообще жок.тороп алып чыккыча 3 кун сасып жатасын.врачтары орой мамиле жасашат.Мамлекттик денгээлде суйлошуулорду жургузуп ,жанына дагы улап ,роддом куруш керек. Себеби палаталар толуп жаны торогон энелер суук коридордо жатышат балдары мн бир койкада.
+12
nazira...
2021-08-24 19:39:30
догурунуп атып алышат го. Өзүм оройм десең да жула калып орошуп эптеп акча алыш да. Көрүндүгүн бер дешкеничи, аны тууган биз айтсак болот го. Кыскасы балдар көп көп төрөлө берсин
+7
aliya-leyla
2021-08-24 22:04:53
менин абысыным төрөп, толгоо башталса шашылып эле барып алган экенбиз,суйунчусуно жаныбызда болгон 600 сом бар экен берсек аябай ар нерсени сүйлөшкөн, анан чыгарып атканда уялбай сурашкан. биз карыз болуп калгансып, анан фондго 200, майда - чуйдосуно берип атып, сүйүнчүсүн аз бергенсинер деп, дагы кошумча 1000 сом алышкан
+8
Kurbanalieva1991
2021-08-24 22:14:23
Бизде Баткен обл Сүлүктү шаарында дагы ошондой,100 сомдон алат ремонтко деп. Анан кагаз полотенца, суюк самынга деп да акча басып калат эгер төрөгөндө кошо алып барбасаң. Даже перчаткиге да алат бир родго 6-10 жуп перчатки кетет деп. Мен акыркы төрөтүмө 4 жуп перчатки алып барсам ошентип дагы 2,3 перчаткинин акчасын кошуп эсептеген выпискада. Бизде да текшерген адам жок, гинекологияга жатып чыккандардын шору эле очойтуп оюна келген сумманы жазып таштайт..
+7
maxburat
2021-08-24 22:24:34
Менда Ошто Толойкондо торогонмун жаны торогон баламын козуно тетрадцклин мазь коюшуп 150сом сурашкан жанымда акча жок кайненем келгенде берем десем 3кун ар смен алмашкан сайын бири бирине дайындап алып кой деп атышып алышкан. Кесерова сечения болуп торогом где то 8000 кеткен. Чыгып атканда гнекологко, педиятрга 1000сомдон таштап чыгасын деп доолап эле алышкан. Кийинтип берем, корундук бер, суйунчу бер деп доогургандары озунчо эле узун тема. Аябай орой мамиле жасашат.
+7
maxburat
2021-08-24 22:26:52
Эми жакында торойм аз калды буйруса Бишкектемин коркуп отурамын канча сурашат экен деп.
+4
-FREEDOM-
2021-08-24 23:12:41
Барсан тороткананын эшигине жазып койгон . Торот акысыз деп. Бербегин эки дуйно карабайт. Азыр колунду карап турат. Балага деп 500 сом алды менен пречатки балаа батардан тышкары.
+6
nazira...
2021-08-24 23:22:43
-FREEDOM-,мен акча бергенди карагандврын билбей жүрө бериптипмин үч күн толготуп. Кийин келгендер төрөп атышат, санитаркалврдан сурасам акча бер бирөөсүнө десе болобу, анан медсестрасына бердирдим бир уколун сайды төрөдүм, анан чыккыча канча акчабыз кетти, бербесен карабай катуу тийишет экен. Бар эле болушсун да, бала төрөп атсан унчукпайт экенсин да.
+6
Toktoshova
2021-08-24 23:18:29
ушул торот уйундо торогомун кышта аллахга шугур бирок баргандан чыкканга чейин акча расходу 500 деген торогонго да бересин деген 2000 бергемин ал го мейли 3 кун жатсан келип эки ооз соз суйлогонуно гинеколог менен детский врач 300 дон бер дейт выпискасы 300 сом ороп койгон баланы кайра оромуш болуп чыгарда акча алат иши кылса баары акча акча бербей закондошсон жаман коруп кагып силкип урушат. регистрацияда олтургандар орой мамиле кылышат толготуп барсан 2 саатта история ачат ошол кыйынбы
+6
CHingiz90
2021-08-25 00:48:36
Баардык ооруканада ошондой Ош шаарында, ооруп барасын айла жок бересин болбосо жаткырбайт же бизде бул даары жок деп озунун же договор кылган аптекага жиберет карапайым калкты ушундай сыгып сыгып бутту,олойун десен жан кымбат, жейин десен нан кымбат.
+6
Baktyluu_bolgum_kelet
2021-08-25 12:22:00
Төрөп бүтөөр менен сүйүнчү бер дешет экен, туалети такыр талапка жооп бербейт, санитаркасы да башкасы да акча бер деп турушат,неантолог,350,гинекологго 350,регистрация 120,күбөлүк 100 кыскасы ала берет экен,анан бир медсестрасы бар 2 этажда өлгүдөй жаман адамга мамиле кылуу этикасын такыр билбейт,наоборот жаш медсестра Кыздар сылык экен
+1
Aky12
2021-08-25 22:14:08
Бизде Озгондо,Мырзакеде деле так ушундай корунуш,киргенден баштап эле акча акча деп колунду карашат, суйунчусун бер деп жонокой эле таанышын тамак алып келсе, ошолордон да сурап уят кылат.Мен толготуп чыдабай калдым,алдымда бир келин тороду ошонун туугандарынан суйунчу алабыз деп 3-4адамын эшиктен чакыртып родзалга киргизип алган,болгула чыдабай калдым десем,сен креслого чыга бер дейт,ал келиндин куйоосу,кайненеси кайнежеси турса мен кантип чыгам??? Кыскасы ыйман ынсапты билишпейт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан