Бишкек шаарында ээнбаштыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Милициянын билдирүүсүнө ылайык, 23-август күнү Аламүдүн РИИБине төмөнкүдөй билдирүү келип түшкөн. Анда Маевка айылындагы турак үйлөрдүн жанынан болжол менен 25-30 жаштардагы белгисиз жаран Tойота Авенсис үлгүсүндөгү унаасын айдап бара жатып, башка унааларга жол бербей, жаш балдар бар экенине карабай өзүн агрессивдүү көрсөткөнү айтылат.
Мындан сырткары ал оозго алгыс сөздөрдү айтып, окуяны видеого тартып жаткан К.К. аттуу аялдын телефонун күч колдонуу менен тартып алууга аракет кылган.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 266-берене "ээнбаштык" менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Издөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул кылмыш ишине шектелип, 1993-жылы туулган Ж.Б. аттуу жаран кармалып, тергөө жайына киргизилди.