"Кезек Садыр Жапаровдо". Интернетке Садыр Жапаровдун үнү коштолгон көрө албастык тууралуу видео тарады

Президент Садыр Жапаровдун үнү коштолгон видео социалдык тармактарга жарыяланды. Анда көрө албастык тууралуу айтылат.

"Оо, Жараткан! Эми мен иштейин десем, иштегенге мүмкүнчүлүк бербей жалган жалаа, ушак-айың менен уулаган ичи тар, көрө албастык деген илдеттен арыла албаган карасанатайларга жем кылбай эрк бер. Адамда эрк болбосо, дем болбосо калганы арзыбаган кеп да. Адам баласында эң аруу тилек - бул ишеним. Кандай болгон күндө да ишеничти актоо, ишеничти сактоо ыйык парз. Биз ишеничтен уланабыз, ишеничтен куралабыз. Демек, ата-журт алдындагы моюнубузга артылган оор жүк - мекенди көздүн карегиндей сактап, болочок муунга жүзүбүз жарык пейилибиз ак бойдон баруу улуу милдет. Ата-журтум сан миң жылды карыткан улуу Кыргыз өлкөм кандай күн болгондо да сенин ишеничиң өмүрдөн да кымбат турарын дагы бир ирет баса белгилеп айткым келет", - деп айтылат.

Социалдык тармактарда бул видеого карата "кезек Садыр Жапаровдо" деп комментарий жазылууда.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин видеосу менен даярдалган кыскача ролик жарыяланып, талкууга алынган.

Интернетке Садыр Жапаровдун үнү коштогон көрө албастык тууралуу видео тарады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Dembele84
2021-08-24 11:50:45
Иштебей эле ушуга окшогон видеолор менен хайп болуп журо берет экенда булар!
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан