Баткен облусунда жол кырсыгынан бир адам көз жумду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 112-чакырымында Honda Stepwgn үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай КамАз оор жүк ташуучу унааны сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен Honda Stepwgn унаанын айдоочусу (1995-ж.т. Б.А.) аттуу эркек киши каза болду. Жерине №76 ӨКБдан 5 куткаруучу тартылып, каза болгон жарандын жансыз денесин унаадан чыгарып, "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришти.