
Ош шаарында куткаруучулар жылан кармашты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кечээ, 23-август күнү куткаруучуларга "Малышок" бала бакчасынын аймагында жылан бар экендиги тууралуу маалымат келип түшкөн.
Жерине Ош шаардык башкармалыгынын куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылып, жыланды кармап адамдар үчүн коопсуз жайга коё беришкен.