Чүй облусунун Аламүдүн суу сактагычынан белгисиз адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, Аламүдүн районуна караштуу Көк-Жар айылынын Супара комплексинин үстүндө жайгашкан Аламүдүн суу сактагычында адамдын жансыз денеси (аты-жөнү такталууда) калкып жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.
Жерине Аламүдүн райондук №1 Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн төрт куткаруучу тартылып, маркумдун сөөгүн суудан чыгарышып ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти.