Орусиялык ырчы МакSимдин акырын басып, сейилдеп жүргөн видеосу социалдык тармактарга тарады.
Чет элдик маалымат булактарынын жазганына караганда, ырчынын оорудан кийинки салмагы 35 килограмм болуп калган жана ага кадимки физикалык кыймылдарды аткаруу кыйынга турат. Анын калыбына келүүсүнө дарыгерлер жардам беришүүдө.
Буга чейин жасалма комада жаткан орусиялык ырчы МакSимдин абалы дагы начарлап, өпкөсүнүн оң тарабы иштебей калганы, ага жасалма дем алдыруучу аппараты да жардам бербей жаткандыгы жазылган болчу.
Эскерте кетсек, ырчы МакSимдин өпкөсүнүн 40 пайызы жабыркап, ооруканага жаткырылганы 16-июнда белгилүү болгон. Кийинчерээк андан дагы бир илдет аныкталып, ырчы оор абалда жасалма комада жаткандыгы кабарланган.