З-күн. Көлдө сүзүп бараткан Владислав Шулико Бостериге жетти

Рекордду жаңылайм деп чамынган спортчу Владислав Шулико 82 километрди сүзүп өттү. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучулары маалымдашты.

"Бүгүн 3-күн. Аба ырайы жакшы эмес, майда толкун болуп жатат. Суунун температурасы 21 градус. Бирок спортчу өзүн жакшы жана ишенимдүү сезип жатат. Бүгүн Бостери айылында сүзүп бара жатабыз. Тактап айтканда, 82 километрди сүзүп өттү. Марага чейин дагы 99 километр бар. Алдыда дагы 3 күнүбүз бар. Бирок Владислав Шулико эртерээк Балыкчы шаарына чейин сүзүп жетүүгө аракеттенүүдө", - деп билдиришти спортчуну коштоп жүрүүчүлөр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Danysh1
2021-08-24 12:59:11
Мее сага мен 3 минут сууда сүзсөм чөгүп кетчүдөй болуп калам
+4
Asmat84
2021-08-24 13:01:51
Ошондо бул жигит күнү түнү сууда сүзөбү билгендер айтып койгулачы
0
amin1986
2021-08-24 13:42:58
Asmat84,ачка болгондо тамактанат,чарчаганда уктайт кайыктын чекесин кармап алып,туалет кылганда сууга жайлап кете берет
+6
suban78
2021-08-24 15:20:02
Ийгилик сага Владислав, алдына максат койдунбу, аягына чык. Болеем за тебя.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан