Футбол: "Ак шумкарлар" Палестина жана Бангладеш курамаларына каршы оюндарга даярдыгын баштады (фото)

Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы 2-7-сентябрь күндөрү Бишкек шаарында өтө турган үч өлкөнүн катышуусундагы Улут Кубогуна даярдыгын баштады.

Кечээ, 23-августта улуттук кураманын Кант шаарындагы футбол талаасында алгачкы машыгуусу болуп өттү.

Кыргыз футболдук союзу чет элдик клубдарда ойноп жаткан улуттук кураманын кээ бир оюнчулары жакын арада келишерин жана бардыгы 3-августка чейин командага кошуларын билдирди.

Улут Кубогунда Кыргыз курамасы 2-сентябрь күнү Палестина курамасына каршы оюн өткөрсө, 7-сентябрда Бангладеш менен ойнойт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
make2
2021-08-24 13:13:18
Крестининди кетириш керек, дордойго ойнобой койсо сборныйга кошпой жатат, Мурзаев, Байматов, Кичин, Люкс, Индияда ойногон бир кыргыз бала бар, ушуларды неге чакырбайт
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан