Баткен облусунун Лейлек районунун аймагында мыйзамсыз өтүп бара жаткан контрабандалык жүккө бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 23-август күнү Лейлектен чек ара кызматкерлери УКМК жана ИИМдин кызматкерлери менен биргеликте аткезчилик жолу менен өтүп бара жаткан жүккө бөгөт коюшту.
"Чек ара кызматкерлери кызмат өтөп жатканда Мерседес-Бенц спринтер үлгүсүндөгү унааны токтотуп текшерүүгө алышкан. Унаанын айдоочусу жана жүргүнчүсү экөө тең 27 жашта жана Кыргыз жарандары экени белгилүү болду. Текшерүүдө унаада тийиштүү документтери жок 175 коробка дары-дармектер бар экени аныкталган. Алдын ала маалыматка ылайык, кармалган жүктүн баасы 2 миллион 680 миң 600 сомду түзөт", - деп билдиришти чек ара кызматынан.
Керектүү протоколдор толтурулгандан кийин кармалган жарандар менен жүктөр тийиштүү органдарга тергөө иштери үчүн өткөрүлүп берилгени кошумчаланды.