Гольф боюнча эл аралык мелдеште Кыргыз спортчулары 5 кубок жеңип алды

Спорттун гольф түрү боюнча Казакстандын Алматы шаарында өткөн эл аралык мелдеште ата мекендик спортчулар 5 кубок жеңип алышты. Бул тууралуу жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган турнирде Калмырза Анарбек уулу 1-орун, Алтынай Талантбекова, Элисар Дубанаев жана Адилет Турсуналиев 2-орунду камсыздаган. Ал эми Иман Увалканов аттуу спортчубуз 3-орунга жетишкен.

Эске салсак, гольф боюнча улуттук курама команда машыктыруучулар Алтынбек Иманалиев жана Талгат Сугурбековдун жетекчилиги астында катышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан