Лос-Анжелес шаарындагы Азиялык эл аралык кинофестивалдын (Asian World Film Festival) чакыруусу боюнча жаӊы эл аралык долбоорду презентациялоо үчүн Бишкекке "Даӊазалуу доор" сериалы аркылуу кеӊири таанылган белгилүү актриса жана продюсер Мерьем Узерли келет. Бул тууралуу кинофестивалдын башкаруучу директору Асель Шерниязова билдирди.
Уюштуруучулардын айтымында, сентябрдын башында Бишкекте жаӊы долбоордун урматына арналган маалымат жыйын болуп, жабык форматта сый тамак берилмекчи. Мерьем Узерлиден тышкары, белгилүү немис сүрөтчүсү Мартин Вертманндын, фестивалдын аткаруучу директору Жорж Шамшумдун, продюсер, аялдар укуктарын коргоочу, эл аралык мамилелер жаатындагы эксперт Мерал Мелика Дюрандын да келүүсү күтүлүүдө.
Азиялык эл аралык кинофестиваль коомдук ишмер, учурда Франциядагы элчи жана ЮНЕСКОнун толук укуктуу өкүлү Садык Шер-Нияз тарабынан 2015-жылы Лос-Анжелесте негизделген. Ишкер жана филантроп Шухрат Ибрагимов 2019-жылдан бери фестивалдын төрагасы.