Чыңгыз Айтматов жана казак акыны Мухтар Шаханов тууралуу даректүү тасма тартылууда

Кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматов жана Казак эл акыны Мухтар Шаханов тууралуу даректүү тасма тартылууда. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басм сөз кызматынан кабарлашкандай, тасма эки элдин достугун даңазалайт.
"Коңшу өлкөнүн акыны тасмага тартылуу үчүн келип кетти. Чыгармачыл сапардын алкагында Мухтар Шаханов "Ата-Бейит" тарыхый комплексинде, Чыңгыз Айтматовдун үй-музейинде жана Ысык-Көлдө болду. Ошондой эле чыгармачыл сапардын алкагында Абдылас Малдыбаев атындагы улуттук академиялык опера жана балет театрында Мухтар Шахановдун чыгармачыл кечеси уюштурулду", - деп айтылат билдирүүдө.
Тартылып жаткан тасма Кыргыз өлкөсүнүн эгемендүүлүгүнө арналып, кыргыз-казак достугунун түбөлүктүүлүгүн даңазалайт. Тасма Төлөмүш Океев атындагы улуттук киностудиясынын көмөгү менен тартылып, Руслан Машрапов режиссёрлук кылууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан