Биз социалдык тармакта

Баткен облусунда кызматын өтөп жаткан аскерлердин 1 жылы 2 жыл болуп эсептеле баштайт

Бүгүн, 24-августта өлкө башчы Садыр Жапаров Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Президент белгилегендей, Ички иштер министрлигинин Ички аскерлер кызматынын аскер кызматчыларынын өзгөчө шарттарда кызмат өтөөсүн эске алуу менен ушул жылдын 1-сентябрынан тарта аскер кызматчылардын өтөгөн кызматынын 1 жылы эми 1,5 жыл деп эсептелери, ал эми Баткен облусунда кызмат өтөгөн аскер кызматчыларынын 1 жылы 2 жылга тете деп эсептелет.

Буга чейин, 2021-жылдын 1-октябрынан тарта Ички иштер министрлигинин Ички аскерлер кызматынын аскер кызматкерлеринин эмгек акыларын 40 пайызга көтөрүү пландалып жаткандыгы кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Dembele84
2021-08-24 14:56:01
Бул дагы мотивация,башка областтагылар да барып иштегени кызыккандар кобойот
+4
nazira...
2021-08-24 18:45:06
Туура эле кылыптыр. Бир жолу условиелерин да оңдоп берсин, обмундированиелерине да көңүл буруп койгула, мурункудай московское обеспечение болгондогудай кылып.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан