Бишкектин "Ала-Тоо" аянтындагы милициянын бөлүмүндө жарандардын табылган буюмдары турат, ээлери келип алып кетсе болот. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, борбордук аянттагы милициянын таяныч пунктунда жарандардын жоготуп же түшүрүп алган документтери, айдоочулук күбөлүктөрү, паспорттор, капчыктар, үйдүн жана унаалардын ачкычтары, унаалардын техникалык күбөлүктөрү, банк карточкалары жана башка буюмдар сакталып турат.
"Булардын баарын борбордук аянтта сейилдеп жүргөн жарандар таап алып, милициянын таяныч пунктунда кызмат өтөгөн кызматкерлерге таштап кетишкен. Сүрөттө көрсөтүлгөн буюм жана документтердин ээлери көрсө, келип алып кетишсе болот", - деп жазылат маалыматта.