Азимжан Аскаровдун өлүмү боюнча тергөө кайра уланат

Абакта каза болгон укук коргоочу Азимжан Аскаровдун өлүмү боюнча териштирүү уланмай болду. Бул тууралуу бүгүн, 24-августта SUPER.KG порталына Бишкек шаардык сотунун маалымат кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, мындай чечим кечээ, 23-август күнү Бишкектин Свердлов райондук сотунда чыккан.

"Аталган сот укук коргоочу А.Анын өлүмү боюнча ишти карады. Анда аталган соттун 23-августтагы чечими менен жактоочунун Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын тергөөчүсүнүн сотко чейинки өндүрүштү токтотуу жөнүндөгү чечимин мыйзамсыз жана негизсиз деп табуу жөнүндө арызы канааттандырылды", - дешти шаардык соттон.

Окуянын чоо-жайы:

2010-жылдын июнь окуялары үчүн айыпталган Аскаров өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылып, 2020-жылы 25-июлда Бишкектеги №47 түзөтүү абагынын ооруканасында көз жумган. Жаза аткаруу мекемеси ал пневмониядан каза болгонун маалымдаган.

Укук коргоочунун өлүмүнө байланыштуу сотко чейинки териштирүү башталып, бирок кийин токтотулган. Маркумдун сөөгү Өзбекстанда жерге берилген.

Аскаров өзү көзү тирүү кезинде бир нече кайрылуу жасап, анда айыбы жок экенин айтып күнөөсүн моюнга албай келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Dembele84
2021-08-24 15:43:27
Башка иштер толуп жатса,кайдагы фашисттин олумун чоюп журосунор да.Наоборот шериктерин издоо салып таап келип камабайсынарбы?Бул иттер канча адамдын олумуно себепчи болгон!
+8
Mylatka..
2021-08-24 16:59:32
Чын эле өлгөнбү ,же ..
+4
bema_bema
2021-08-24 20:30:38
Олмоктон нарака жоголсунчу, башка ишинер жокбу
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан