Бразилиялык “Playboy” модели Луана Сандиен "ПСЖ" клубунун чабуулчусу Лионель Мессинин көз жашы аарчылган бет аарчыны сатып алгысы келип, 600 миң АКШ долларын (50 миллион 768 миң 280 сом) сунуштады. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, футболчу Лионель Мессинин көз жашы аарчылган бет аарчы 1 миллион долларга (84 миллион 613 миң 801 сом) сатыкка коюлган. Сандиен сатуу жарнагына туш келип, 600 миң доллар сунуш менен жооп берген. Модель анын сунушунан кийин жарнама жоголуп кеткенине нааразы болгон.
“Мен утуп алам деп ишенип, жарыяланган баанын жарымынан көбүн сунуштадым. Бирок менин сунушумдан кийин жарнак жок болуп кеткен. Мен ийгиликке жетем деп үмүттөнөм”, - деген Луана Сандиен.
Мындан тышкары, модель бет аарчы менен сүрөткө түшүүнү пландап жатканын айткан.
Эскерте кетсек, 5-августта "Барселона" клубунун басма сөз кызматы Мессинин "ПСЖ" клубуна өткөнүн расмий түрдө жарыялаган. Ал эми 8-август күнү “Камп Ноу” стадионунда Месси маалымат жыйын башталар алдында көзүнө жаш алып, аны бет аарчы менен сүрткөн.