Казакстандын мега жылдызы Кайрат Нуртас октябрь айында Талас шаарына келет. Ал күз мезгилинде өтө турган концерттик иш-чарага чакырылды. Бул тууралуу ырчы, продюсер Эрлан Шүкүрбеков тарабынан белгилүү болду.
"Менин продюсердик борборума быйыл 15 жыл болду. Ошонун урматына 3-октябрда Талас шаарындагы стадиондо концерт уюштуруп жатабыз. Иш-чарага Казакстандан Кайрат Нуртасты дагы чакырдык", - деди ал.