Орусия Тажикстандагы аскердик базасын жаңы "Корнет" ракеталык системасы менен күчтөнттү

Танктарга каршы жаңы "Корнет" ракеталык системасынын партиясы Тажикстандагы Орусиянын аскердик базасына жеткирилди. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, Тажикстанга жеткирилген "Корнет" ракеталык системасы душмандын бронетехникасын жана аба буталарын, анын ичинде тик учактарды жана учкучсуз учуучу аппараттарды жок кылуу үчүн иштелип чыккан. Ракета бутага лазер нуру менен таамай сокку узата алат. Максималдуу атуу аралыгы 5,5 чакырым, эң азы 100 метр.

Тажикстанда жайгашкан 201-аскердик база Орусиянын чет жактагы ири аскердик объектиси болуп саналат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан