Кыргыз-Тажик чек арасында демаркациялоо иштери жүргөнүнө карабастан, маселелер толук чечиле элек. Бул тууралуу тышкы иштер министри Руслан Казакбаев орусиялык басылмалардын бирине берген маегинде айтты.
Анын айтымына караганда, 28-29-апрелде Кыргыз-Тажик чек арасында орун алган жаңжал мамлекеттик чек ара юридикалык жактан такталбаганы себеп болгон.
"Бүгүнкү күндө Кыргыз-Тажик чек арасындагы сызыкты аныктоо иш-аракеттери көрүлүп жатканына карабастан, маселе толук чечилди деп айта албайбыз. Эки тарап аймактык дооматтан өз ара баш тартып, эки мамлекеттин кызыкчылыгын канааттандыра турган компромисттик башка жолдорду издесе жакшы болмок", - деген министр.
Мындан тышкары ал кыргыз-тажик тарыхый коңшу эл экендигин, эки элди маданияты, карманган дини жана салт-санаасы байланыштырып турарын, чек ара маселесин чечүү аракеттери көрүлүп жатканын кошумчалаган.