УКМК: "Чүйдө жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмүнүн башчысы пара алып жаткан жеринен кармалды"

Чүй облусунун Москва районунун жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмүнүн башчысы пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

Ага ылайык, Чүй облусунун калкты каттоо органдарынын кызмат адамдары тарабынан калктан системалуу түрдө акча талап кылуу менен көрсөтүлгөн кылмыш схемасы аныкталды.

"Кечээ, 23-августта сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын алкагында ыкчам-тергөө тобу пара алып жаткан жеринен Москва районунун жарандык абалдын актыларын каттоо, паспорттоштуруу жана калкты каттоо бөлүмүнүн А.И.Э. аттуу кызмат адамын кармашкан.

Тергөөнүн жүрүшүндө белгилүү болгондой, кармалган адам узак убакыт бою паспортторду, туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдү жана башка мамлекеттик бланктарды берүү боюнча расмий мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдө калктан акча чогултуу үчүн туруктуу коррупциялык схеманы түзүп алган. Жалпысынан ушул сыяктуу 50дөн ашык фактылар аныкталды", - дешти УКМКнын басма сөз кызматынан.

Учурда кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатканы кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Zumrudianka
2021-08-24 20:08:34
Катын башын менен арам акча албай ол.
0
Zumrudianka
2021-08-24 20:10:32
Устундогу кийим дагы ошол арам акчага кийинсен керек жадакалса ошол арам акча менен салонго кыйын болуп барып чачынды кырктырып тырмагынды бойотсон керек арам тамак
0
Federik
2021-08-24 23:34:22
Камаш керек коррупция жойулмайынча мамлекет онолбойт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан