Чүйдө 46 жаштагы жаран 11 жаштагы кызга сексуалдык ыдык көрсөткөн деп шектелүүдө

Чүйдүн Аламүдүн районунда 11 жаштагы кызга сексуалдык ыдык көрсөткөн деп шектелип 1975-жылы туулган эркек киши сурак берип жатат. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

19-август күнү Свердлов РИИБине 1980-жылы туулган К.Т. аттуу жаран кайрылып, анда 18-август күнү саат 16:45 чамасында 11 жаштагы кызына ыплас иштер жасалганы боюнча арыз жазган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү иштери башталган. Сотко чейинки өндүрүш ишинин жүрүшүндө шектүү катары 1975-жылы туулган А.К. аттуу жаран кармалган.

Шектүү алгачкы суракта кызга эч кандай ыдык көрсөтпөгөнүн айткан. Ошол күнү Алма-Ата көчөсүнөн 10-12 жаштардагы кыз Аламүдүн базарына жеткирип коюуну айтып кайрылган. Кызды алып кетип бара жаткан убакта ГЭС-2 айылында жол тыгыны башталгандыктан кызды түшүрүп, тыгынга байланыштуу айланма жол менен кете турганын айтып, андан ары жолун улаганын айткан. Кыз менен болгону 5 мүнөттөй гана жол жүргөнүн бирок аны менен сүйлөшпөгөнүн да айтып берген.

Ошол эле убакта кыздан дагы сурак алынып, ал жогорудагы эркек киши ага ыдык көрсөтүп, анын бутун кармалап, төшүн жана моюнун өпкүлөгөнүн айтып берген.

Учурда кыз менен шектүүгө соттук-психикалык экспертиза дайындалган. Териштирүү иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан