Ооганстанда белгисиз адамдар Украинанын учагын уурдап кетишкен

Кабулдагы украиналыктарды жана башка өлкө жарандарын эвакуациялоо учурунда белгисиз адамдар Украинанын учагын уурдап, Иранга учуп кетишкен. Бул тууралуу Украинанын Тышкы иштер министрлигинин орун басары Евгений Йенинин берген билдирүүсүнө таянып, чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

“Өткөн жекшембиде биздин учакты белгисиз адамдар басып алышты. Биздин учак чындыгында уурдалды, ал украиндерди алып кетүүнүн ордуна башка белгисиз жүргүнчүлөр тобу менен Иранга учуп кетишкен”, - деди Евгений Йенин.

Анын айтымында, учакты барымтага алган адамдар куралчан болушкан. Кабулдагы украиндерди эвакуациялоонун кийинки үч аракети да ишке ашпай калган, анткени жарандар аэропортко жете алышкан эмес. Ошондой эле ал Украина Ирандан учакты кайтарып алууну талап кыларын тактаган жок.

Белгилей кетсек, буга чейин украин аскерлери Кабулдан Украинанын, Ооганстандын, Беларустун, Нидерландиянын, Хорватиянын жана Тажикстандын 79 жаранын чыгарууга жетишкен. Мындан тышкары жүзгө жакын Украина жараны Ооганстандан кайтып келүүнү күтүп жатышкандыгы маалым болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан