"Аянты 537 чарчы метр". Орусиялык ырчы Филипп Киркоров Аскар Акаевге таандык болгон пентхаусту сатып алганы айтылды

Орусиялык поп-ырчы Филипп Киркоров Кыргыз өлкөсүнүн мурдагы президенти Аскар Акаевге таандык болгон пентхаусту сатып алды. Бул тууралуу "Новый век" Телеграм каналына жарыяланды.

Маалыматта айтылгандай, 2020-жылы Филипп Киркоров Аскар Акаевге таандык болгон 2 кабаттуу пентхаусту сатып алган. Объекттин базар баасы дээрлик 1 миллиард рубль. Бирок маалыматта ырчы аны канчага сатып алганы жазылган эмес.

Пентхаустун аянты 537 чарчы метрди түзөт. Имарат Москва шаарынын борбордук бөлүгүндөгү турак жай комплексинде жайгашкан.

Аскар Акаев УКМК менен болгон сүйлөшүүлөрүнүн негизинде 2-августта Бишкекке келип, ошол эле күнү сурак берген.

Ошондой эле "Кумтөр" иши боюнча кол коюлган документтер боюнча видео кайрылуу жасап кечирим сураган.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Antiradikal3
2021-08-24 19:42:47
Аскар Акаев Кыргызстанды бугунку коррупциялык жолго баштап, Союздан калган бардык завод-фабрика, фермаларды менчиктештирип талкалатып, элдин кендирин кесип тентитип, озу болсо ошол саткандары аздай Кумтордогу алтынды каздырып, ошол казылган алтындардын бир болугун алып турган.
Москвада иштеп бешене тери менен тапкан акчасына мындай кымбат уй алды дейсинерби.....

Ушундай номер бир коррупционерлерди урматтап тосуп алып узаткан бийликтен эмнени кутсо болот?!.....
+11
kkkk3259780
2021-09-29 05:31:32
Antiradikal3, СЕН кармап албайт белен ким тоскоол болуп атат.
0
Noon
2021-08-24 22:25:47
Элдин мээнетин жегендерге Аллахым жазасын берсин.
+3
Aidar.001
2021-08-24 23:14:11
Кыргызстанга жардам берейин деп саткан болсо керек анда
-2
Federik
2021-08-24 23:32:37
Мына Акаев мекенине келсин деген манкурттар эми эмне дейсинер? Бул киши омур бою мамлекетте иштеген байлыгы чексиз. Биздин балдарыбыздын келечегин уурдап байыган адамды келгенде эле камаш керек болчу. Келтирбеш керек ошол алып кеткен алтындары менен кошо комуп коюш керек сыртта эле.
+2
33SUUN
2021-08-24 23:58:21
Аскар Акаев убагында таза иштегенде азыр Москвада велик менен Яндекс же Deliverде курьер болуп иштемек.Баса, азыр доставщиктер жакшы акча таап жатышат.
+1
Tyty1990
2021-08-25 00:30:33
Кыргыздын акчасы. Элдин ырыскысы. Дагы келсе гүл менен тосуп узата бергиле.
Мен болгондо токко сайып өлтүрмөкмүн.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан