Ички иштер министри Улан Ниязбеков өздүк курамдын алдына бир нече тапшырмаларды коюп, кынтыксыз аткарылуусун талап кылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, министр алдыга коюлган максаттарды ийгиликтүү ишке ашыруу боюнча Ички иштер министрлиги мындан ары 4 багытта иш алып барат деп билдирди.
1. Укук бузуулардын алдын алуу боюнча профилактика иштерин күчтөндүрүп, элге жакындан жардам көрсөтүү менен заманбап сервистик тейлөөнү калыптандыруу;
2. Кылмыштуулукка каршы күрөшүү, анын ичинде өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө, жарандардын ден соолугуна, элдин социалдык абалына терс таасирин тийгизген кылмыштын бардык түрлөрүнө бөгөт коюп, коопсуз мамлекет деңгээлине жетүү;
3. Сотко чейинки өндүрүш иштерин сапаттуу жана акыйкат тергеп, калыс чечим кабыл алуу. Жарандардын арыз-муңдарын угуп, талабын канааттандырып, элдин милицияга болгон ишенимин жогорулатуу;
4. Элге сапаттуу кызмат көрсөтүүнү туруктуу негизде өркүндөтүп, берген антына бекем турган моралдык адеп-ахлактык абалы жогору кадрларды даярдоо, ишмердикте ийгиликтерди жаратуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүнү камсыздоо, эскиден арылып, жаңы баскычтар менен милициянын жаңы образын коомго тартуулоо боюнча жаңы ишмердикти ишке ашыруу.
4 багыттагы ишмердик Ички иштер министрлигинен баштап айылдык милиция бөлүмчөлөргө чейин аткарууга алынуусу үчүн төмөнкү тапшырмалар коюлду:
1. “Кадамдык иш-мерчем” түзүлүп, бардык ички иштер органдарына аткарууга жөнөтүлүп, көзөмөлгө алынсын;
2. Дүйшөмбү күндөрү мамлекеттик гимндин коштоосунда бардык ички иштер органдарында желек көтөрүү иш-чарасы өткөрүлүп турсун;
3. Аптанын шейшемби күндөрү кызматкерлерди руханий-адеп-ахлактык жактан тарбиялоо боюнча атайын окутуулар уюштурулуп, таалим-тарбия иштери күчөтүлсүн;
4. Жергиликтүү бийлик жана тиешелүү мамлекеттик органдар менен тыгыз байланышта ишмердик жүргүзүү үчүн конкреттүү негизде “Бирге аткара турган иштер” боюнча иш-чаралар иштелип чыксын;
5. Ар түрдүү митинг же нааразычылык акцияларын алдын алуу үчүн жергиликтүү бийлик органдары менен жеринде чечүү иштери жүргүзүлсүн;
6. Калкка тейлөө көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча ар тараптуу чаралар көрүлсүн, анын ичинде “Милициянын көчмө кабылдамаларынын” ишмердиги күчөтүлүп, ишмердиги көзөмөлгө алынсын;
7. Коомго сервистик тейлөө көрсөтүүнү күчөтүп, жаңы түстөгү ар бир мезгилге өзүнчө ылайыкташкан формасы, колунда заманбап планшети, көкүрөгүндө эл аралык талаптарга жооп берген боди-камерасы илинген, милициянын жаңы “элдик модели” боло турган участкалык инспекторлорду ишке киргизүү колго алынсын;
8. Элдик участкалык инспекторлор, бир участокко бир инспектор деген принцип менен ишке ашырылып, шайлоо аймактарына карата бөлүнгөн элдин санына, географиялык шарттарга жараша 2 миң 420 участокко 2 миң 420 участкалык инспектор ишке киргизилип, аларга берилген планшеттер жана боди-камералар аркылуу ишмердиги көзөмөлдөнсүн;
9. Айдоочулар жана жөө жүргүнчүлөр арасында пропаганда иштери күчөтүлсүн;
10. Оор жана өтө оор кылмыштардын бетин ыкчам ачуу, жабыр тарткан жарандарга жеринде биринчи жардам көрсөтүү боюнча иштер жүргүзүлсүн;
11. Элдин арыз-билдирүүлөрү боюнча жүргүзүлүп жаткан сотко чейинки өндүрүш иштери сапаттуу тергелип, чындык, акыйкаттуулук, келтирилген чыгымдарды өндүрүүгө аракеттерди көрүү деген принциптер менен иш алып барылсын;
12. Пара алуу, уюшкан кылмыштуулукка аралашуу жана башка ички иштер органдарынын аброюна шек келтирген окуяларга аралашып, милициянын атын булгоо деген учурларга бөгөт коюлуп, жол берилбесин;
13. Ар бир жетекчи кол алдындагы кызматкерлердин ишмердигине шарт түзүүгө карата имараттарды оңдоп-түзөө, кылмыштуулук же укук бузуулар орун алган участокторго кылмыштуулук менен күрөшүүнү жакшыртуу боюнча видеокамераларды орнотуу боюнча иштерди алып барсын;
14. Элдин социалдык-турмуш тиричилигине терс таасирин тийгизген кылмыштарга, окуяларга бөгөт коюп, алдын алуу профилактикалык иштерди күчөтүп, көйгөйлүү кылмыштарды, окуяларды болтурбоо үчүн жер-жердеги координациялык кеңешмелерде карап, аны чечүү үчүн тиешелүү иштер аткарылсын;
15. Милициянын аткарып жаткан жакшы иштерин толук чагылдыруу максатында жана милициянын баркына шек жаратып, доомат айтылган учурларга жеринде төгүндөө, тактоо иштерин жүргүзүү үчүн республиканын аймагындагы Ички иштер министрлигине тиешелүү бардык маалыматтар аталган министрликтин басма сөз кызматы менен макулдашылып, басма сөз каражаттарына кабарланып турсун.