Кара-Сууда 7 жашар кызды унаасы менен сүзүп качып кеткен айдоочу кармалды

Ош облусунун Кара-Суу районунда 7 жашар кызды унаасы менен сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалым болгондой, 21-август күнү Кара-Суу-Савай унаа жолунда Ош шаарынын 2014-жылы туулган М.С. аттуу кызды белгисиз айдоочу унаасы менен сүзүп, окуя болгон жерден из жашырып качып кеткен. Натыйжада жөө жүрүүчү алган жаратынан улам Кара-Суу аймактык ооруканасына жеткирилген.

Бул окуя Кара-Суу РИИБинде каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Кара-Суу району боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан издөө иштери жүрүп, жол боюнча коюлган видеокамералар текшерилип, кызды күмүш түстөгү Хонда Аккорд үлгүсүндөгү унаа сүзүп кеткени аныкталган.

Ыкчам иш-чаранын жүрүшүндө айдоочу Кара-Суу шаарынын 1958-жылы туулган И.М. аттуу тургуну экени аныкталып, Кара-Суу шаарындагы өзү жашаган үйүнөн кармалган.

Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан